• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Разаков Лейлек районунда селдин кесепеттерин жоюунун жүрүшү менен таанышты

Өкмөт 0

Бишкек, 23.05.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков бүгүн, 23-майда, Баткен облусу боюнча жумушчу сапарынын жүрүшүндө Лейлек районунун Исфана шаарындагы селдин кесепеттерин жоюунун жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу КР өкмөтүнүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Белгилей кетсек, жаратылыш кырсыктарынын натыйжасында турак үйлөр, социалдык объектилер жана чарбалык имараттар жабыркаган.

Вице-премьер-министр Чымган жана Бешбала айылдарындагы селдин кесепетинен жабыркаган турак үйлөр жана социалдык объектилерди көрүп чыгып, ошондой эле суу каптаган көпүрө жана дамбалардын абалы менен таанышты.

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри Нурболот Мирзахмедовдун маалыматы боюнча, Лейлек районунда бир нече жолку сел жүрүүнүн натыйжасында 31 турак үй жана 34 чарбалык объектке зыян келтирилген.

Жергиликтүү тургундар менен жолугушууда вице-премьер-министр Жеңиш Разаков үйлөрү камсыздандырылган жабырлануучуларга белгиленген тартипте акчалай компенсация төлөнүп берилерин белгиледи.

«Өз үйлөрүн камсыздандырбаган жабырлануучуларга жардам көрсөтүү маселеси өз алдынча каралат. Муну менен бирге буга чейин кооптуу тилкелерден көчүүдөн баш тартып, өз үйлөрүндө жашоону улантуу менен өздөрүнүн жана туугандарынын өмүрүнө коркунуч алып келген жашоочулардын жоопкерчилиги каралмакчы», - деди ал.

Вице-премьер-министр көпүрө менен дамбаларды калыбына келтирүү маселеси өкмөттүн деңгээлинде караларын кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий