• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Разаков өлкөнүн Аскер-өнөр жай комплексин өнүктүрүү стратегиясын иштеп чыгууну тапшырды

Өкмөт 0

Бишкек, 26.10.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков өлкөнүн аскер-өнөр жай комплексин өнүктүрүү боюнча чараларды талкуулоо боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү.

Вице-премьер-министр белгилегендей, республиканын мамлекеттик башкаруу огандарынын коргонуу-өнөр жай комплексин өнүктүрүү боюнча ишинин уюштурулушу жетишсиз деңгээлде турат, ал эми коргонуу жаатындагы ишканалар жана мамлекеттик органдар орто мөөнөттүү өнүгүү планын сунуштай албай турат.

Буга катар ал белгилегендей, салык төлөмдөрү, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна чегерүүлөр, ошондой эле сатып алуу рыногунун жоктугу, технологияларды модернизациялоо жана ченемдик укуктук актыларды өркүндөтүү боюнча бир катар чечилбеген маселелер бар.

«Биз алдыга жылууга, жаңы технологияларды, процесстерди түзүүгө, өндүрүштүк базаны жаңыландырууга, ошондой эле башка өлкөлөрдүн коргонуу-өнөр жай комплексти өнүктүрүү трамагындагы алдынкы тажрыйбасын изилдөөгө тийишпиз», - деп баса белгиледи Жеңиш Разаков.

Кеңешменин жүрүшүндө «БМЗ» ААК, «ТНК «Дастан» ААК, «БШЗ» ААК жана «Кыргызкурал» МИ жетекчилиги ишканалардагы жана кырдаал жана өндүрүлгөн продукция тууралуу маалымат беришти.

Вице-премьер-министр белгилегендей, республиканын коргоо ишканаларынын өндүрүштүк мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу үчүн ишмердигин координациялоону күчтөндүрүү өзгөчө маанилүү, буга байланыштуу тийиштүү мамлекеттик органдарга бул маселе боюнча туруктуу иштеген жумушчу топ түзүүнү тапшырды.
Мындан тышкары аракеттеги коргонуу-өнөр жай комплекс ишканаларын стратегиялык өнүктүрүүнүн комплекстүү планын, ошондой эле өлкөнүн аскер-өнөр жай комплексин өнүктүрүү жалпы Стратегиясын иштеп чыгуу тапшырылды.


Пикир

Оставить комментарий