• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Разаков: Мамлекеттик органдар ишинин ачыктыгын арттыруу үчүн чоң иштерди жүргүзүүдө, алардын бири санариптештирүү

Өкмөт 0

Бишкек, 17.12.19. /Кабар/. Мамлекеттик органдар ишинин ачыктыгын арттыруу үчүн чоң иштерди жүргүзүүдө, мындай чаралардын бири санариптештирүү болуп саналат. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Антикоррупциялык кеңештин жыйынында билдирди.

Вице-премьер-министр белгилегендей, үстүбүздөгү жылдын сентябрында кабыл алынган Антикоррупциялык кеңештин чечимдерин аткаруу боюнча Өкмөт тарабынан тиешелүү чаралар көрүлгөн.

«Бардык мамлекеттик органдарга орун алган жарандардын кайрылууларын кабыл алуу жана кароо тартибин жөнгө салган мыйзамдарды бузууларга көңүл буруу, ошондой эле аткаруу бийлик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан маалыматтын жеткиликтүүлүгү жаатындагы ченемдик укуктук актылардын талаптарын аткарууну камсыздоо тапшырылды. Жарандардын кайрылууларын кабыл алуу жана кароого, коомдук кабылдамалардын, ишеним телефондорунун жана мамлекеттик органдардын расмий сайттарынын ишин иретке келтирүүгө, кайра байланыш механизмдерин киргизүүгө көзөмөл күчөтүлдү. Буга байланыштуу Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети Электрондук билдирүүлөрдүн мамлекеттик системасы жана аны пайдалануу эрежелери жөнүндө жобонун долбоорун иштеп чыкты», - деди ал.

Жеңиш Разаков уланткандай, Антикоррупциялык кеңеш тарабынан көтөрүлгөн экинчи маселе боюнча Өкмөткө караштуу Мамлекеттик салык кызматы Экономика министрлиги менен биргеликте Салык кодексинин 15-беренесинин ченемдерин колдонуу механизмдерин жөнгө салган ченемдик укуктук актынын долбоорун иштеп чыгуунун максаттуулугуна талдоо жүргүзүштү. Анын жыйынтыгы боюнча пландан тышкары салыктык текшерүүлөрдү жүргүзүү механизмдерин жөнгө салган ченемдик укуктук актылардын долбоору иштелип чыкты.

Жыйындын жүрүшүндө вице-премьер-министр Антикоррупциялык кеңештин бизнес-коомчулуктан жаңы мүчөсү өлкөнүн бизнес-акыйкатчысы Робин Орд-Смитти тааныштырып, жооптуу ишинде ага ийгиликтерди каалады.

«Сиздин миссия, Акыйкатчы-институтунун алдында коюлган бийик максаттар жана милдеттер биздин өлкө үчүн зор мааниге ээ. Бизнес-акыйкатчы ишкердик субъекттеринин укуктарын, эркиндигин жана мыйзамдуу укуктарын коргоо боюнча ыйгарым укуктарга ээ. Сиздин Антикоррупциялык кеңештин ишине түздөн-түз катышууңуз биздин антикоррупциялык аянтчаны күчтөндүрөт жана бекемдейт, каралган маселелердин тизмесин кыйла кеңейтет», - деди Жеңиш Разаков.

Өз кезегинде бизнес-акыйкатчы көрсөтүлгөн ишеним үчүн ыраазычылык билдирип, Институттуе алдыдагы милдеттери тууралуу айтып берди.

«Коррупциясы жок дүйнөдө бир да өлкө жок, бул мамлекеттин туруктуу өнүгүүсүнө жолтоо болгон глобалдуу маселе. Баарынан дагы коррупциядан калктын эң жакыр катмары жабыр тартат. Биз республика жетекчилигинин коррупциялык көрүнүштөр менен күрөшүү багытын жогору баалайбыз», - деди Робин Орд-Смит.

Кеңештин отурумунда Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Дастан Догоев, ошондой эле Экономика министринин орун басары Дастан Кадыров баяндама жасады.

Жарандык сектордун өкүлү Эркайым Мамбеталиева медициналык жардам жана медициналык тейлөө көрсөтүү, каржылоо системасын өзгөртүү менен саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү коррупциялык факторлордун төмөндөшү жөнүндө баяндама жасады. Муну менен катар Антикоррупциялык кеңештин төрагасынын орун басары Артур Ташибеков мыйзамдардагы коллизия тууралуу сүйлөдү.

Отурумдун соңунда Антикоррупциялык кеңештин мүчөлөрү Саламаттык сактоо министрлигине тажрыйбага жана мамлекеттик медициналык кызмат көрсөтүүнүн жол-жобосуна анализ жүргүзүү жана баалоо, аларды жакшыртуу боюнча сунуштарды киргизүү; саламаттык сактоо уюмдарынын ишмердүүлүгүнө коомдук көзөмөл механизмин киргизүү, дары каражаттарынын атайын тизмегин түзүүдө жана мамлекеттик медициналык тейлөөнүн прейскурантын бекитүүдө жарандык сектордун катышуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу сунушу берилди. Экономика министрлигине лицензиялык-уруксат берүү системасындагы мыйзамдарды жакшыртуу жана коррупциянын деңгээлин төмөндөтүү боюнча демилгелерди киргизүү сунушу берилди. Мындан тышкары кеңештин мүчөлөрү 2020-жылдын биринчи жарым жылдыгында карала турган негизги маселелердин тизмесин бекитишти.

Пикир

Оставить комментарий