• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Разаков: Мамлекеттик органдардын күч-аракеттери аймактарды өнүктүрүүгө багытталган

Өкмөт 0

Бишкек, 06.02.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн жана Ош шаардык мэриясынын 2019-жылдын жыйынтыгы боюнча коллегияларына катышты. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Вице-премьер-министр баса белгилегендей, 2019-жылы Өкмөттүн саясаты жаңы жумуш орундарын түзүүгө, инвестицияларды тартууга, ата мекендик бизнести колдоого, бажы жана салык процедураларын фискалдаштырууга, мамлекеттик сатып алуулар системасын реформалоого, социалдык кепилдиктерди камсыздоого жана башка максаттарга багытталган.

«Үстүбүздөгү жылы силердин алдыңарда бир катар маанилүү милдеттер турат. Бардык мамлекеттик органдардын күч-аракеттери аймактарды өнүктүрүүгө, санариптештирүүгө жана балдарды коргоого багытталган. Быйыл ишмердүүлүктүн көптөгөн чөйрөлөрүнө финансылык тартипти камсыздоого зор көңүл бурулат», - деди Жеңиш Разаков, ал Өкмөттүн аймактардагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрүнө, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына инвестицияларды тартуу, бизнести өнүктүрүү, жер-жерлерде ишкерлик субъекттерин колдоо маселелери боюнча иштерди активдештирүү зарылдыгын белгиледи. Мындан тышкары вице-премьер-министр калктын социалдык-экономикалык маселелерин өз убагында чечүү зарылдыгын ырастап, алардын артыкчылыктуулугун баса белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий