• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Разаков менен Ганиев кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү

Өкмөт 0

Бишкек, 16.07.19. /Кабар/. Ош шаарында 10-14-июль күндөрү вице-премьер-министр Жеңиш Разаков жана Өзбекстандын премьер-министринин орун басары Элёр Ганиевдин катышуусунда кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо маселелери боюнча Кыргызстан менен Өзбекстандын өкмөттүк делегацияларынын жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу өттү. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын калган тилкелеринин сызыгын чийүү боюнча сунуштар талкууланды.

Жолугушуунун жүрүшүндө мамлекеттик чек ара тилкесинин айрым тилкелерин биргелешип талаада текшерүү өткөрүү макулдашылды. Сүйлөшүүлөр өз ара түшүнүшүү жана достук маанайда өттү.

Кийинки жолугушуу Өзбекстанда өткөрүлмөкчү.

Пикир

Оставить комментарий