• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Разаков Москва шаарында кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү менен жолугушту

Өкмөт 0

Бишкек, 14.12.19. /Кабар/. Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков Москва шаарында кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушуунун башкы максаты 2020-жылы Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы жана Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы кайчылаш жылынын бир катар маанилүү иш-чараларын биргелешип өткөрүүгө кыргыз диаспоралык бирикмелеринин катышуусун талкуулоо болгон.

Разаков чогулгандарга бул иш-чараларды өткөрүүгө көрүлүп жаткан даярдыктар тууралуу маалымат берген. Анда кыргыз диаспораларынын дарамети кеңири колдонулмакчы.

Жолугушууда белгиленгендей, Иш-чаралардын планына Бишкек жана Ош шаарларында Миграцияга чейинки даярдоо борборлорунун ачылышы, Россия Федерациясында Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүн кеңири белгилөө, ар кыл маданий-гуманитардык багыттагы иш-чараларды өткөрүү ж.б. киргизилген.

Разаков жолугушуунун катышуучуларына өлкөдөгү ички саясий кырдаал, Россия Федерациясынын аймагында иштеп жаткан эмгек мигранттарынын абалын жакшыртуу үчүн өкмөт тарабынан көрүлгөн чаралар тууралуу айтып берген.

Жолугушуунун жүрүшүндө түрдүү актуалдуу маселелер боюнча пикир алышуу болуп, бардык кызыктырган суроолорго жооп жана түшүндүрмөлөр берилген.

Диаспора мүчөлөрү тарабынан жүк-200 тариздөө үчүн компенсация берүү процедураларын оптималдаштыруу, темир жол унааларына бааны арзандатууга көмөк көрсөтүү, Москва жана Сочи шаарларында Кыргыз Республикасынын соода өкүлчүлүгүн ачуу, Кыргыз Республикасында ипотекалык кредиттөө программаларына мигранттардын мүмкүндүк алуусун жеңилдетүү боюнча сунуштары айтылган. Алдыда бул сунуштар каралып, изилденет.

Пикир

Оставить комментарий