• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Разаков Нарын жана Ысык-Көлдүн укук коргоо органдарынын ККЭК жана КЖБР киргизүүгө даярдыгын текшерди

Өкмөт 0

Бишкек, 17.12.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков аймактардагы укук коргоо органдарынын соттук-укуктук реформанын алкагында кабыл алынган жаңы кодекстердин жана мыйзамдардын күчүнө кирүүсүнө даярдыгын текшерүүнү улантууда. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Нарын жана Ысык-Көл облустары боюнча сапарынын жүрүшүндө 14-16-декабрда Кочкор, Тоң, Жети-Өгүз, Ак-Суу, Ысык-Көл райондорунун ички иштер бөлүмдөрү, Балыкчы жана Каракол шаарларынын ИИБдери, Ысык-Көл облусунун ИИБи, ошондой эле Ысык-Көл облусу боюнча ЭКККМК башкармалыгы текшерилди.

Сапардын жүрүшүндө өзгөчө көңүл укук коргоо органдарын техникалык жабдуу, анын ичинде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестринин, ошондой эле Бузуулардын бирдиктүү реестринин толук кандуу иштөөсү үчүн зарыл байланыш каналдары маселесине бурулду.

Укук коргоо органдарынын жүргүзгөн тергөө аракеттерин аудио/видео түрүндө жаздыруу үчүн жабдуулар менен камсыздалышы текшерилди.

Жеңиш Разаков укук коргоо органдарынын кызматкерлери менен 2019-жылдын 1-январынан тарта күчүнө кире турган Кыргыз Республикасынын жаңы Жазык-процессуалдык ченемдери жана жоболору боюнча алардын билимин билүү үчүн жеке маектешти.

Ошондой эле Балыкчы шаарында вице-премьер-министр ички иштер министри Кашкар Жунушалиевдин жана Ысык-Көл жана Нарын облустарынын укук коргоо органдарынын жетекчилигинин катышуусунда жумушчу кеңешме өткөрдү.

Өткөрүлгөн кеңешменин жүрүшүндө белгиленгендей, каржы полициясынын аймактык түзүмдүк бөлүктөрүнүн техникалык даярдыгы жетишсиз.

Мындан тышкары Ички иштер министрлигинин жетекчилигине өлкө аймактарына компьютердик жабдууларды белгиленген мөөнөттө жеткирүү бузулганы көрсөтүлдү.

Жеңиш Разаков кеңешмени жыйынтыктап, укук коргоо органдарынын бардык аймактык түзүмдүк бөлүктөрүн тиешелүү жабдуулар менен жуманын аягына чейин камсыздоо милдетин койду.

Мындан тышкары Интернет-кошуу ылдамдыгын секундуна 1 мегабиттен кем эмес деңгээлинде камсыздоо тапшырылды.

Муну менен бирге вице-премьер-министр Кылмыштардын бирдиктүү реестринин алкагында бузуулар тууралуу иштерди кабыл алуу укугуна ээ мамлекеттик органдар менен ички иштер органдарынын өз ара аракеттешүүлөрүнө өзгөчө көңүл бурдурду.

Буга байланыштуу ал ички иштер органдарынын аймактык жетекчилеринин алдына ушул жуманын аягына чейин бузуулар жөнүндө иштер боюнча чечимдерди кабыл алууга ыйгарым укуктуу жактардын тизмесин түзүү жана ББР жеткиликтүүлүгүн камсыздоо милдетин койду.

Ошол эле учурда вице-премьер-министр Жеңиш Разаков белгилегендей, ички иштер органдары тарабынан локалдык байланыш каналдарын түзүү боюнча тийиштүү чаралар кабыл алынган, ал эми тергөө бөлүктөрүнүн кызматкерлеринин билими ИИМде жаңы кодекстерге жана мыйзамдарга окутуу маселеси сапаттуу иштелип чыкканын күбөлөндүрөт.

Жеңиш Разаков жаңы кодекстердин жана мыйзамдардын күчүнө кирүүсүнө байланыштуу маселелерди сапаттуу аткаруу үчүн укук коргоо органдарынын жетекчилеринин жеке жоопкерчилигин баса көрсөттү.

Пикир

Оставить комментарий