• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Разаков Ошто Бузуулар жөнүндө кодексти ишке ашыруу боюнча кеңешме өткөрдү

Өкмөт 0

Бишкек, 26.06.19. /Кабар/. Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков Ош шаарында мамлекеттик жана муниципалдык органдардын өкүлдөрүнүн катышуусунда Бузуулар жөнүндө кодексти ишке ашыруу маселелери боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Кеңешмеге райондордун жана айыл округдарынын башчылары, шаар мэрлери, ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрдүн өкүлдөрү, ошондой эле Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарынын мамлекеттик органдарынын аймактык түзүмдүк бөлүктөрү катышышты.

Бул жолугушуу Өкмөт тарабынан Бузуулар жөнүндө кодекстердин ченемдерин практикалык ишке ашырууда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана мамлекеттик органдардын аймактык түзүмдөрүнүн потенциалын жогорулатуу максаттарында уюштурулган.

Кеңешменин жүрүшүндө жазык мыйзамынын новеллаларын мындан ары карай имплементациялоо маселелери козголуп, Бузуулардын бирдиктүү реестринин функционалдык мүмкүнчүлүктөрүнүн тереңдетилген бет ачары болду.

Ошону менен бирге иш-чаранын катышуучулары менен Кодекстин ченемдерин жүзөгө ашыруунун учурдагы маселелери талкууланды. Катышуучулар Бузуулардын бирдиктүү реестринин функционалдык мүмкүнчүлүктөрүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча бир катар сунуштарды айтышты. Алар көтөргөн актуалдуу темалардын бири жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында атайын юристтин штатын түзүү, ага Бузуулар жөнүндө кодексте каралган жаза чаралар боюнча чечимдерге доо арыз менен кайрылган учурда сот органдарында алардын кызыкчылыктарын коргоо, жергиликтүү маанидеги маселелер боюнча укуктук камсыздоо милдети жүктөлөт.

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков кеңешменин катышуучуларына жазык мыйзамдарынын новеллаларын практикалык ишке ашыруу иштерин активдештирүүнү, ошондой эле жер-жерлерде маалыматтык-түшүндүрүү иштерин күчөтүүнү тапшырды

Мындан тышкары вице-премьер-министр белгилегендей, Өкмөттүн деңгээлинде андан ары карай талкуулоо жана четтетүү максаттарында соттук-укуктук реформаны ишке ашырууда келип чыккан бардык маселелер жөнүндө өз убагында маалымдоо зарыл.

Пикир

Оставить комментарий