• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Разаков Россия өкмөтүнүн төрагасынын орун басары менен жолугушту

Саясат 0

Бишкек, 14.12.19. /Кабар/. Вице-премьер-министри Жеңиш Разаков Россия Федерациясынын өкмөтүнүн төрагасынын орун басары - өкмөттүн өппарат жетекчиси Константин Чуйченко менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Тараптар 2020-жылы Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы жана Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы кайчылаш жылын өткөрүү маселелерин талкуулашты.

«Учурда кыргыз-россия алакалары интенсивдүү жана динамикалуу өнүгүүдө. Бул саясий диалогго гана эмес, экономикалык, маданий, гуманитардык жана соода чөйрөлөрүндө өз ара иштешүүгө да тийиштүү. Азыркы тапта эки мамлекеттин башчылары тарабынан жалпы тарыхый жана өз ара пайдалуу кызматташууну эске алуу менен Кайчылаш жыл өткөрүү тууралуу чечим кабыл алынган», - деди Разаков.

Өз кезегинде Константин Чуйченко Кайчылаш жыл алкагында бир катар иш-чараларды жүзөгө ашыруунун маанилүүлүгүн белгиледи.

«Мунун баары соода-экономикалык кызматташууну чыңдоого, энергетика, медицина, фармацевтика, өнөр жай, айыл чарба тармактарында биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга багытталган. Кыргыз Республикасы жөнүндө көп билүүлөрү үчүн 2020-жылы кыргыз тараптын Санкт-Петербург экономикалык форумуна катышуусунун алкагында атайын панель уюштурууну туура болот деп эсептейм», - деди ал.

Жолугушуунун алкагында россиялык тарапка Иш-чаралардын консолидацияланган планынын долбоору берилип, анын айрым негизги пункттары талкууланды. Анын ичинде Кайчылаш жылдын ачылыш салтанатын өткөрүү, ага эки мамлекеттин башчыларынын катышуусу, Ржев шаарында 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согушта курман болгон кыргызстандык аскерлердин элесине арналган эстеликти тургузуу, ошондой эле кыргыз ардагерлеринин Москва шаарында Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чараларга катышуусу каралган.

Тараптар кызматташуунун башка дагы бир нече маселелерин талкууга алышты. Алсак, Соода-экономикалык кызматташуу боюнча кыргыз-россия өкмөттөр аралык комиссиясынын 21-жыйынынын Протоколун аткаруунун жүрүшү, 22-жыйынды жана 9-аймактык конференцияны уюштуруу, өлкөлөр ортосунда сооданы өнүктүрүүнүн оңдуу темптери, учурдагы биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу жана башка маселелер.

Пикир

Оставить комментарий