• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Разаков Россиянын финансы министри Антон Силуанов менен жолугушту

Өкмөт 0

Бишкек, 11.09.19. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков жана Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасынын биринчи орун басары – финансы министри Антон Силуановдун жумушчу жолугушуусу болду.

Жолугушууда тараптар Евразия экономикалык биримдигине кошулуунун алкагында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасына техникалык жардам көрсөтүү боюнча Макулдашуунун жүзөгө ашырылышы, жогоруда айтылган Макулдашууга ылайык, техникалык жардамды берүүнү тездетүү жана айрым иш-чараларды ишке ашыруунун мөөнөтүн 2020-2021-жылга чейин узартуу маселелерин талкуулашты.

Өз кезегинде кыргыз тарап Макулдашууну ишке ашыруунун алкагында үнөмдөлгөн каражаттарды кайра бөлүштүрүүнү сунуштады.

Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча тараптар «жол картасынын» иш-чараларын аткарууну көзөмөлдөө үчүн атайын жумушчу топтун ишин активдештирүүгө, Макулдашууну жүзөгө ашыруунун алкагында зарыл иш-чараларга үнөмдөлгөн каражаттарды кайра бөлүштүрүүгө, ошондой эле эки өлкөнүн кызыкдар мамлекеттик органдарынын өз ара аракеттешүүсү максатында зарылчылыгына жараша видеоконференциялар түрүндө кеңешмелерди өтүүгө келишишти.

Пикир

Оставить комментарий