• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Разаков: Санариптештирүү – биздин мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бири

Коом 0

Бишкек, 31.01.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков Алматы шаарында өтүп жаткан «Digital Almaty: глобалдык экономиканын санариптик келечеги» эл аралык форумуна катышты.

Жеңиш Разаков пленардык сессияда сөз сүйлөп жатып белгилегендей, жасалма интеллект жана ири маалыматтарды иштеп чыгуу, жалпысынан, санариптештирүү темасы Кыргыз Республикасы үчүн актуалдуу болуп саналат.

«Санариптештирүү – биздин мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бири. Өткөн жылы ченемдик-укуктук актылардын көлөмдүү пакети кабыл алынган, ал маалыматтык-коммуникациялык технологияларды өнүктүрүүгө шарт түзөт. Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жана көмүскө экономика менен күрөшүү максатында товарларды маркировкалоо пилоттук долбоору аяктаганы турат. Бул келечекте товарларды текшерүүгө ыңгайлуу шарттарды түзөт», - деди ал.

Вице-премьер-министр маалымдагандай, мамлекеттик жана муниципалдык тейлөө кызматтарына жана сервистерине инновациялык чечимдерди киргизүү, ошондой эле жаңы «санариптик» өз ара мамилелерди жөнгө салуу максатында «Мамлекет платформа катары» пилоттук долбоорун баштоо боюнча иштер жүрүүдө.

«Өлкөдө өздүк коопсуз санариптик инфраструктураны курууга байланыштуу долбоорлор ишке ашырылууда. Учурда ДАТА-борбордун курулушу үчүн пайдубалы түзүлдү. Smart solutions интеллектуалдык чечимдер жаатындагы долбоорлорго колдоо көрсөтүүнү пландап жатабыз», - деди Жеңиш Разаков жана Кыргыз Республикасында гана эмес, бүтүндөй аймак боюнча келечектүү мүмкүндүктөргө ээ долбоорлорго өзгөчө көңүл буруларын баса белгиледи.

Вице-премьер-министрдин айтымында, Кыргыз Республикасында жасалма интеллектти пайдалануу ишке ашыруу стадиясында.

«Жасалма интеллект чөйрөсүндөгү иштеп чыгууларды Жогорку технологиялар паркы жүргүзөт. Кыргыз тилин табигий түрдө тааный турган Программалык өндүмдөр жүзөгө ашырылууда. Башка мисал – бул сүрөттү иштеп чыгууга мүмкүнчүлүк түзө турган ата мекендик стартап. Жасалма интеллектти колдонуу менен маалыматты башкаруу чөйрөсүндө иштелип жатат. Анткени көлөмдүү маалыматтар маанилүү роль ойнойт, өз алдынча өздөштүрүү алгоритмдерин киргизүү талап кылынган маалыматты натыйжалуу табууга шарт түзөт. Жалпысынан алдыңкы технологияларды түзө турган компаниялар үчүн жайлуу жана коопсуз шарт түзүүнү камсыз кылуу биздин негизги милдеттерибизден болуп саналат», - деди ал.

«Киберкоркунучтун деңгээлин төмөндөтүү, терс таасирлерден маалымат айдыңын коргоо, мамлекеттик маалыматтык системанын коопсуз жана үзгүлтүксүз иштөөсүн камсыз кылуу жана компьютердик окуяларга реакция кылуу максатында биргелешкен аракеттерди жасоо зарыл. Санариптик күн тартипти жүзөгө ашыруу боюнча биргелешкен аракет гана биздин мамлекеттердин чет өлкөлүк жаңы рынокко чыгуусун жана келечекте глобалдуу атаандаштык мейкиндигинде татыктуу орун алууну шарттайт. Албетте, санариптик күн тартибин ишке ашыруу аркылуу Евразия экономикалык бирлигинин алкагында «төрт эркиндикти» камсыздоо максималдуу жетишкендик болот», - деп белгиледи вице-премьер-министр.

Пикир

Оставить комментарий