• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Разаков: ШКУ саммитин өткөрүүдө коопсуздук эң жогорку деңгээлде болушу керек

Өкмөт 0

Бишкек, 11.06.19. /Кабар/. Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин башчыларынын Саммитин өткөрүү учурунда коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздоо боюнча көчмө жыйын өткөрдү.

Жеңиш Разаков «Манас» Эл аралык аэропорту, Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясы сыяктуу бир катар объекттерди, ошондой эле мейманкана комплекстерин жана инфратүзүмдүк объекттерди даядоонун жүрүшүн текшерди.

«Биздин алдыбызда Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин башчыларынын Саммитин өткөрүү учурунда коомдук тартипти жана чет элдик меймандардын жана республика жарандарынын коопсуздугун сактоо боюнча маанилүү жана жооптуу иштер турат. Саммитте коопсуздук эң жогорку деңгээлде болушу керек», - деди ал.

Вице-премьер-министр тиешелүү мамлекеттик органдарга коомдук коопсуздукту жана укук тартибин, жол жана өрт коопсуздугун камсыздоо, энергия менен камсыз кылуу, Саммиттин иш-чаралары өткөн жерлерде медициналык кызматкерлердин болушу боюнча тапшырмаларды берип, терроризмге каршы чараларды күчөтүүнү милдеттендирди.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин башчыларынын Саммитин өткөрүү учурунда коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздоо боюнча Негизги иш-чаралардын планын бекиткен. Ошентип, вице-премьер-министр Жеңиш Разаков жетектеген, курамына тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилери кирген Ыкчам штаб түзүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий