• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Разаков: Укук коргоо органдарына кайрылгандар арызын кароонун бардык стадияларын онлайн режиминде көрүп турушу керек

Өкмөт 0

Бишкек, 27.11.19. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков «Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестри» автоматташтырылган маалыматтык системасынын ишине мониторинг жүргүзүү боюнча көчмө жыйын өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Вице-премьер-министр Башкы прокуратуранын Укуктук статистика жана каттоо башкармалыгына, Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотуна барды.

Көчмө жыйында укук коргоо органдарынын сунуштарына негизделген «Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестри» автоматташтырылган маалыматтык системасынын сотко чейинки модулу жеткиликтүү иштелгени айтылды.

Муну менен катар ушул жылдын ноябрь айында Башкы прокуратуранын Укуктук статистика жана каттоо башкармалыгы тарабынан «Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестри» автоматташтырылган маалыматтык системасындагы «тергөө сотторунун» модулуна тестирлөө жүргүзүлдү.

Ошондой эле Башкы прокуратуранын кызматкерлерине укук коргоо органдарынын өкүлдөрү, өлкөдөгү райондук райондук соттордун судьялары сыяктуу эле окутуу иш-чараларынын комплексинен өткөрүлдү.

Соттор тарабынан маалыматтарды алмашуу боюнча тесттик иш-чараларды өткөргөн соң, «Тергөө соту» модулу республика боюнча толук кандуу иштеп баштайт.

Жалпысынан Башкы прокуратура тарабынан «КЖБР» автоматташтырылган маалыматтык системасын өркүндөтүү боюнча дыкат иштер жүрүп жатат. Мында сапатка принципиалдуу мамиле жасалып, жазык сот өндүрүшүн санариптештирүүгө багытталган.

Мониторингдик сапардын жүрүшүндө биринчи, экинчи жана үчүнчү инстанциядагы сотторду «КЖБР» автоматташтырылган маалыматтык тутуму менен программалык камсыздоону интеграциялоону тезинен аяктоонун маанилүүлүгү белгиленди.

«Биз «КЖБР» автоматташтырылган маалыматтык тутумунун ишин так камсыз кылуубуз зарыл. Ал көзөмөл тутумун жакшыртып, арыз, даттануу түшкөндөн тартып аны сот органдарында кароого чейинки бардык процесстердин ачык-айкындыгын жогорулатат. Укук коргоо органдарына жардам сурап кайрылган жарандар өз арызын кароонун бардык стадияларын онлайн режиминде көрүп турушу керек», - деп баса көрсөттү вице-премьер-министр Жеңиш Разаков.

Пикир

Оставить комментарий