• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Разаков жана ЕРӨБ өкүлдөрү уран калдыктарын рекультивациялоо маселелерин талкуулады

Коом 0

Бишкек, 03.10.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (ЕРӨБ) өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын, ошондой эле жалпы Борбор-Азия аймагындагы уран объектилеринин (мурдагы тоо-кен өндүрүшүнүн калдыктары) экологиялык коопсуздугун камсыздоого багытталган маселелер талкууланды.

Вице-премьер министр Жеңиш Разаков белгилегендей, Өкмөт кызыкдар мамлекеттер, негизги эл аралык өнөктөштөр жана донорлор менен кызматташтыкта орун алуусу ыктымал болгон экологиялык көйгөйлөрдүн алдын алуу үчүн натыйжалуу чараларды издөө үстүндө иш алып барууда.

Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын өкүлдөрү билдиргендей, Банкта көмөк көрсөтүү максатында финансылык ресурстарды натыйжалуу топтоо үчүн атайы финансылык механизм түзүлгөн. Буга катар уран обьектилерин заманбап, координацияланган, экономикалык жактан сарамжалдуу жана туруктуу ыкмалар аркылуу рекультивациялоо маселелери каралган Стратегиялык мастер-план иштелип чыккан.

Тараптар аркылуу Борбор Азия мамлекеттери үчүн уран калдыктары көйгөйүн комплекстүү чечүүнүн макулдашылган артыкчылыктуу багыттары алкагында мындан ары карай кызматташуу зарылдыгы белгиленди.

Пикир

Оставить комментарий