• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ысык-Көлдүн социалдык-экономикалык өнүктүрүү жыйынтыктары чыгарылды

Өкмөт 0

Бишкек, 04.02.19. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн коллегиялык жыйынына катышты.

Жыйындын жүрүшүндө 2018-жылы аймакты социалдык-экономикалык өнүктүрүү жыйынтыктары жана 2019-жылга карата артыкчылыктуу пландар талкууланды.

Жеңиш Разаков өз сөзүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ишмердигиндеги негизги жыйынтыктар жана өткөн жылдагы социалдык-маанилүү ири иш-чаралар тууралуу айтып берди.

Вице-премьер-министр канааттануу менен белгилегендей, 2018-жылы Ысык-Көл облусунун аймагында Үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары ийгиликтүү өткөрүлдү, буга байланыштуу ал бул иш-чарага тартылган бардык адамдарга ыраазычылык билдирди.

Ал ошондой эле кошумчалагандай, облустун аймагында «Кумтөрдү» кошпогондо 2541,0 млн сомго продукция өндүрүлгөн, 2017-жылга салыштырмалуу физикалык өсүш 115,4 % түзгөн.

«Айыл чарба тармагында ички дүң продукциясынын көлөмү 22,7 млрд сомду түздү. Муну менен катар пайдаланылбаган айыл чарба жерлеринин аянты көп бойдон калууда. Мындай болбошу керек», - деп белгиледи Жеңиш Разаков

Вице-премьер-министр ошондой эле белгилегендей, жыл жыйынтыгы боюнча облуста республикалык бюджеттин киреше бөлүгүн аткаруу 101,7% түзсө, жергиликтүү бюджет планы 102,9% аткарылган.

«Ысык-Көл облусу өлкөнүн өзгөчө туристтик аймагы болуп саналат. Биз аны түндүк жана ошондой эле түштүк жээкте инфраструктураларды жакшыртуу жана туристтер үчүн тиешелүү шарттарды түзүү аркылуу өнүктүрүшүбүз зарыл. Мурдатан даярдык иш-чараларын өткөрүү жана келген меймандардын коопсуздугун камсыздоо керек», - деди вице-премьер-министр.

Мындан тышкары Жеңиш Разаков кошумчалагандай, Аймактарды өнүктүрүү жылынын алкагында Ысык-Көл облусунда бир катар маанилүү объекттер курулган: 74 ишкана, Балыкчы-Корумду жолу, 3 мектеп жана тазалоо курулуштары.

Муну менен бирге ал кошумчалагандай, Ысык-Көл облусун өнүктүрүү Фондунун каражаттарына бир катар билим берүү жана спорттук мекемелерди капиталдык реконструкциялоо жүргүзүлгөн.

Ошондой эле вице-премьер-министр үстүбүздөгү жылда биринчи орунда турган милдеттерге токтолду. Ал белгилегендей, Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылынын алкагында мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү электрондук түргө өткөрүү боюнча иштерди активдештирүү, ошондой эле соттук-укуктук реформанын алкагында жаңы кодекстердин жана мыйзамдардын күчүнө кирүүсүнө байланыштуу алдын алуу жана түшүндүрүү иш-чаралары аркылуу калктын укуктук маданиятын жогорулатуу өзгөчө маанилүү болуп саналат.

Мындан тышкары Жеңиш Разаков баса көрсөткөндөй, аймактын экономикасынын бардык тармактарын ырааттуу өнүктүрүү үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилеринин жоопкерчилигин күчөтүү олуттуу мааниге ээ. Жыйынтыгында вице-премьер-министр Ысык-Көл облусунун активине ийгиликтерди жана 2019-жылга карата оң натыйжаларды каалады.

Пикир

Оставить комментарий