• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Раззаковдун 110 жылдыгына арналган иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитети түзүлдү

Өкмөт 0

Бишкек, 18.01.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана саясий ишмери Исхак Раззаковдун туулган күнүнүн 110 жылдыгына арналган иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитети түзүлдү. Тиешелүү чечимге Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

Уюштуруу комитетинин төрагасы болуп Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри бекиди, - деп билдирет өкмөттүн басма сөз кызматы.

Ал эми уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары катары Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын директору жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү бекитилди.

Уюштуруу комитетине Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана саясий ишмери Исхак Раззаковдун туулган күнүнүн 110 жылдыгына арналган иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү планын белгиленген тартипте иштеп чыгуу жана бекитүү тапшырылды.

Уюштуруу комитетинин ишин уюштуруучулук, методикалык жана башка жактан камсыздоо Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигине жүктөлгөн.

Ошону менен бирге Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү планын ишке ашыруу үчүн республикалык бюджеттен зарыл болгон финансы каражаттарын бөлүп берүүнү караштыруу тапшырмасы берилди.

Пикир

Оставить комментарий