• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Азар, Мбаппе жана Погбаны сатып алыш үчүн "Реал" 500 млн евро коротууга даяр

Спорт 0

Бишкек. 30.03.19 /Кабар/. Мадриддик "Реал" жайкы трансфердик мезгилде сатып ала турган футболчуларды аныктады. L'Equipe газетасынын маалыматы боюнча, "Реалдын" президенти Флорентино Перес үч футболчунун алуу үчүн 500 млн берүүгө даяр экенин кабарлады.

Жакынкы учурда "Реал" "Челсинин" жарым коргоочусу Эден Азар, "Манчестер Юнайтеддин" жарым коргоочусу Поль Погба жана ПСЖнын форварды Килиан Мбаппени сатыл алууну пландоодо.

Transfermarkt'тин маалыматы боюнча, Мбаппенин трансфердик баасы 200 млн евро, Погбаныкы – 90 млн евро, Азардыкы – 150 млн еврону түзөт.

Буга чейин France Football басылмасы "Реал" франциялык форвард Килиан Мбаппе үчүн рекорддук 280 млн евро төлөөгө даяр экенин кабарлаган.

"Реалдын" өкүлдөрү жакында трансфер боюнча сүйлөшүүлөрдү баштайт.

Пикир

Оставить комментарий