• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

"Реал" клубу "Атлетикону" жеңип, Испаниянын Суперкубогунун ээси болду

Спорт 0

Бишкек, 14.01.20. /Кабар/. Бүгүн, 14-январда футбол боюнча Испания биринчилигинин Суперкубогунун финалында "Реал" менен "Атлетико" командалары оюн өткөрдү.

Сауд Аравиянын "Кинг Абдулла Спортс Сити" стадионунда өткөн беттеште "Реал" 4:1 эсебинде каршылашын жеңип, Суперкубоктун ээси болду.

Беттеш 0:0 эсебинде аяктагандыктан 11 метрлик сокку белгиленди. "Реалдын" оюнчулары Серхио Рамос, Лука Модрич, Силва, Карвахаль гол киргизсе, "Атлетико" командасынан жалгыз Киран Триппьер гол киргизгенге үлгүрдү.

Эскерте кетсек, буга чейин "Реал" клубу "Валенсияны" жеңсе, "Атлетико" командасы "Барселонаны" жеңип финалга чыккан.

Пикир

Оставить комментарий