• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

"Реал" клубу Хамес Родригести "Эвертонго" 42 миллион еврого сатууга даяр

Спорт 0

Бишкек, 31.12.19. /Кабар/. Англиялык "Эвертон" клубу "Реалдын" жарым коргоочусу Хамес Родригести өз клубуна алууга кызыкдар. Бул тууралуу Чемпионат басылмасы жазат.

"Быйылкы сезондун биринчи жарымында 28 жаштагы оюнчу "Реалдын" машыктыруучусу Зинедин Зидан жана аталган клубдун президенти Флорентино Перести өзүнүн оюну менен кызыктыра алган жок. Мындан улам испаниялык клуб Хамести 42 миллион еврого "Эвертонго" сатууга даяр", - деп жазат басылма.

Хамес Родригестин "Реал" менен болгон келишими 2021-жылы аяктайт.

Белгилей кетсек, колумбиялык футболчу "Реалдын" катарында 7 оюн өткөрүп, 1 гол киргизген.

Пикир

Оставить комментарий