• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

“Реал” клубу “ПСЖны” утуп, Чемпиондор лигасынын чейрек финалына өттү

Спорт 0

Бишкек, 10.03.22. /Кабар/. Футбол боюнча Чемпиондор лигасынын 1/8 финалында испаниялык “Реал” мадрид клубу франциялык “ПСЖ” командасы менен оюн өткөрдү.

“Сантьяго Бернабеу” стадионунда өткөн жооптук беттеште 3:1 эсебинде испаниялык клуб жеңишке жетти.

“Реалдын” чабуулчусу Карим Бензема хет-трик (үч гол) жасап, өз командасынын чейрек финалга өтүүсүн камсыздады. Ал эми алгачкы беттеште 1:0 эсебинде франциялык команда уткан. Бирок жалпы эсеп 3:2 болуп, “Реал” кийинки баскычка көтөрүлдү.

Белгилей кетсек, Чемпиондор лигасынын чейрек финалына ошондой эле “Бавария”, “Ливерпуль”, “Манчестер Сити” командалары өттү.

Пикир

Оставить комментарий