• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

"Реал" клубу "Реал Сосьедадга" жеңилип, Испаниянын кубогунун жарым финалына өтпөй калды

Спорт 0

Бишкек, 07.02.20. /Кабар/. Бүгүн, 7-февралда футбол боюнча Испаниянын кубогунун чейрек финалында "Реал" клубу "Реал Сосьедад" командасы менен оюн өткөрдү.

"Сантьяго Бернабеу" стадионунда өткөн оюн 4:3 эсебинде "Реал Сосьедад" командасынын жеңиши менен жыйынтыкталды.

"Реал Сосьедад" командасынын оюнчулары Мартин Эдегор, Александер Исак (2 гол), Микель Мерино гол киргизди.

Ал эми мадриддик командадан Марсело, Родриго жана Фермандес атаандашынын дарбазасына гол киргизгенге жетишкен.

Испаниянын кубогунун финалы 18-апрелде болот.

Пикир

Оставить комментарий