• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

"Реал" клубу "Валенсияны" жеңип, Испаниянын Суперкубогунун финалына өттү

Спорт 0

Бишкек, 09.01.20. /Кабар/. Бүгүн, 9-январда футбол боюнча Испания биринчилигинин Суперкубогунун жарым финалында "Реал" менен "Валенсия" командалары оюн өткөрдү.

Сауд Аравиянын "Кинг Абдулла Спортс Сити" стадионунда өткөн оюнда "Реал" каршылашын 3:1 эсебинде утуп алды. "Реалдын" оюнчулары Тони Кросс, Иско жана Лука Модрич өз командасына жеңүүчү голдорду алып келди. Беттештин акыркы убактысында "Валенсия" командасынын футболчусу Даниэль Парехо гол киргизди.

"Валенсияны" жеңген "Реал" командасы Испаниянын Суперкубогунун финалына өттү. Финалда "Барселона – Атлетико" командаларынын жеңүүчүсү менен ойнойт.

Пикир

Оставить комментарий