• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

"Реал" клубунун чабуулчусу Эден Азар болжол менен 10 млн еврого үй сатып алды

Спорт 0

Бишкек, 16.08.19. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Мадриддик "Реал" клубунун чабуулчусу Эден Азар Мадрид шаарында 10 миллион фунтка (болжол менен 10,8 миллион евро) бааланган үйдү сатып алды. Бул тууралуу Daily Mail гезити билдирди.

Маалыматка ылайык, Азар өзүнүн жубайы Наташа жана 3 баласы менен жашай турчу үйүндө алты уктоочу бөлмө, бассейн, кино көрчү бөлмө, машыгуучу жана теннис ойноого ылайыктуу жер бар.

Сатып алган үйү Мадриддин Ла Финса районунда жайгашкан. Ал райондо "Реал Мадрид" клубунун оюнчулары да жашайт.

Эскерте кетсек, Эден Азар "Реал" клубуна ушул жылдын июнь айында "Челси" командасынан өткөн. Келишимдин негизинде "Реал" Азар үчүн 150 миллион фунт (дээрлик 163,3 миллион евро) төлөп берген.

Пикир

Оставить комментарий