• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

"Реал" Неймар үчүн "ПСЖга" Гарет Бейлди жана 90 миллион евро сунуштады

Спорт 0

Бишкек, 22.07.19. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Мадриддик "Реал" клубу чабуулчу Неймар үчүн "Пари Сен-Жермен" командасына өзүнүн оюнчусу Гарет Бейлди жана 90 миллион евро сунуштады. Бул тууралуу Mundo Deportivo газетасы билдиргенин Р-спорт басылсамы жазат.

ЖМКнын маалыматына ылайык, бразилиялык оюнчу "ПСЖдан" кетүүгө кызыктар. Неймар үчүн артыкчылыктуу жол "Барселона" клубуна өтүү. Бирок, "Реал" командасы Неймарды өзүнө өткөрүп алса болоору тууралуу маалымат алышкан.

"ПСЖ" Неймарды "Барселона" клубунан 2017-жылы 222 миллион еврого сатып алган. Анын контрагы 2022-жылга чейин түзүлгөн. Өткөн сезондо ал 28 оюн өткөрүп, 23 гол киргизген.

Эскерте кетсек, "Барселона" клубу Неймар үчүн "ПСЖ" командасына 100 миллион евро жана 6 оюнчунун экөөсүн сунуштаган.

Пикир

Оставить комментарий