• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

“Реал” “ЦСКА” клубуна дагы жеңилди

Спорт 0

Бишкек, 13.12.18. /Кабар/. “Реал Мадрид” Чемпиондор лигасынын тайпалык мелдештеринин оюнунда “ЦСКА” клубуна жеңилди. Оюн 0:3 эсебинде аяктады.

Москвалык “ЦСКА” клубу “Реал Мадридди” жеңип алганы менен Чемпиондор лигасынын тайпалык баскычынынан чыга алган жок. Ал эми “Реал” жеңилүү ызасын тартканы менен тайпасында биринчи орунду алды.

Ошентип жеңүүчү “ЦСКА” G тайпасында 7 упай менен акыркы орунду ээледи.

Белгилей кетсек, оюн 12-декабрда Мадриддеги "Сантьяго Бернабеу" стадионунда өттү. Беттеште Федор Чалов, Георгий Щенников жана Арнор Сигурдссон гол киргизишкен.

Пикир

Оставить комментарий