• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Реалдуу өнүгүүнү камсыздаган Өкмөттүн бир жарым жылы

Шайлоо 2017 0

Сооронбай Жээнбеков Өкмөттү башкарган бир жылдык ишинин отчетуна Жогорку Кеӊеш оӊ баа берген. Албетте, эл өкүлдөрү деле Өкмөттүн ишинин көрсөткүчтөрүнө таянуу менен канааттандыраарлык чечим чыгарышканы айтпаса да түшүнүктүү эмеспи. Эмесе, кыргыз Өкмөтүндөгү экономикалык өсүштү окурмандардын сынына сандарды “сүйлөтүү” менен коюну эп көрдүк. Төмөндөгү аргументтерди эл сынына коюп, көпчүлүк менен бирге карап көрөлү.

Министрлер кабинетинин приоритеттүү алкактагы иштерин санай берсек тизме узара берчүдөй. Көпчүлүгүн эмес, айрымдарын мисалга тартканыбызда, маселен, 2017-жылдын январь-июнь айларында өндүрүш көлөмүнүн өсүшү 2016-жылдын ушул эле мезгилдерине салыштырмалуу негизги металлдарды чыгарууну өндүрүүдө 1,5 эсеге өскөн. Металл рудаларын казып алуу дээрлик 4,4 эсеге жогорулаган. Тазаланган мунай-заттарын өндүрүү 1,4 эсе көбөйтүлүп камсыздалды. Ал эми тамак-аш азыктарын өндүрүү 10,3%, жашылча жемиштерди кайра иштетүү жана консервалоо 1,8 эсеге көбөйгөн. Ун өндүрүү 30,4%, сүт азыктарын өндүрүү 20,4% көбөйдү. Кийим өндүрүү 30,6% көбөйгөн. Бул аялдардын жана эркектердин кийимдерин чыгаруунун көбөйгөндүгүнүн эсеби менен камсыз кылынды. 2016-жылы өнөр жай продукцияларын өндүрүүнүн көлөмү 2015-жылга салыштырмалуу 4,9% га өскөн. “Кумтөр” кенин эске албаганда 4,8% жогорулаган. 2017-жылдын биринчи жарым жылдыгында өнөр жай продукцияларын өндүрүү былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 31,6% көбөйгөн. “Кумтөр” кенин эске албаганда 20% жогорулаган. 2016-жылы өлкөбүздүн аймактарында 73 кичи жана орто ишкана ишке киргизилген.

Ошондой эле Кыргызстандын ЕАЭБ биримдигиндеги позициясын жакшыртуу боюнча иштер кыргыз Өкмөтү тарабынан натыйжалуу уланууда. Коңшу өлкөлөрдөгү мигрант мекендештерибиз үчүн жумушка орношуу кыргыз Өкмөтүнүн Россия бийлиги менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрүнүн алкагында кыйла жеңилдеди. Мигранттарыбыздын кызыкчылыгын коргоо үчүн Москва шаарында миграция кызматынын атайын өкүлчүлүгү ачылып, мунун натыйжасында буга чейин Россияда “кара тизмеге” түшүп калган кыргызстандыктардын саны 12% азайган.

Мигранттардын трансферлери 2% ашуун жогоруласа, коңшу Казакстан менен чектешкен жердеги фитосанитардык көзөмөл пункттары алынып салынды. Төрт көзөмөлдөө өткөрмө пункттары, 7 ветеринардык көзөмөлдөө-өткөрмө пунктту, “Манас” жана Ош эл аралык аба майдандары тиешелүү жабдуулар менен жабдылды. Ушул күндөрү мамлекеттик казынанын эсебинен 8 өткөрмө пункттары курулууда. Кыргыз-казак чек арасындагы өткөрмө пункттарын реконструкциялоо жана куруу иштери кызуу темпте жүргүзүлүүдө.

“Токмок-Унаажол” жана “Кең-Булуң” унаажол пункттарындагы куруу иштери аягына чыкты. Ал эми “Ак-Тилек” жана “Чалдавар” унаа жолдору пункттарында иштер аяктоо алдында турат. Бул жааттагы иштер боюнча, айрыкча, чек арачыларыбыздын коррупциялык маанайдагы иш-аракеттери байкалып жаткандыгын Өкмөттүн жыйынында Сооронбай Жээнбеков өзү да ташка тамга баскандай белгилеп, мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеевге тармактагы көйгөйлөр боюнча катуу тапшырмаларды берип, кемчиликтерди сынга алды.

Ошондой эле аккредитациядан өткөрүлгөн лабораториялар менен сертификациялоо органы Евразия экономикалык биримдигинин бирдиктүү реестрине киргизилүүдө. Ветеринардык лабораториялар курулуп, толук ремонттодон өткөрүлүп, ирилештирилип жатат. Төрт фитосанитардык лаборатория ремонттон өткөрүлүп, жабдылды. Кыргыз ишканалары Евразия экономикалык комиссиясынын реестрине киргизилүүдө. Жүктөрдү ташуу жол-жоболору жөнөкөйлөштүрүлдү. Россиянын колдоосу аркылуу Бажы пункттары менен өткөрүү пункттары жана лабораториялар курулууда. Казакстан менен да ушундай эле маселе жолго коюлган. Ошондой эле Кыргыз-Орус өнүктүрүү фонду ЕАЭБдин жаңы шарттарына ыңгайлашуу мезгилинде экономиканын артыкчылыктуу багытындагы тармактарын каржылоодо.

Сөздүн ток этерин айтканда, кыргыз Өкмөтүндө мурдагыдай «поезд жүрүп бараткандай» түр көрсөтүү, же жөн гана пиар менен алек болуу көрүнүштөрүнө чекит коюлду. Сөздөн, куру мактанычтан реалдуулукка, ишке өткөн мезгил акыркы бир жарым жылдан бери карай Өкмөттүн ишинен байкалууда. Эгерде ушул темпти мындан ары сактап, талаптарды катуу коюп, маселелерди чече берсек, өлкө экономикасы жакынкы жылдары өнүгөөрүнөн эч кандай шек жок.

Жеңиш Асанов, Бишкек,

Атайын "Кабар" үчүн

Пикир

Оставить комментарий