• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

"Реалдын" оюнчусу Эден Азардын толуп кеткен денеси фотошоп аркылуу өзгөртүлгөн

Спорт 0

Бишкек, 10.07.19. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Реал Мадриддин оюнчуларынын бири Эден Азардын дене түзүлүшүн AS басылмасы фотошоп аркылуу өзгөртүп салганын Sports.ru жазып чыкты.

AS газетасы оюнчулардын медициалык текшерүү учурундагы сүрөтүн жарыялаган. Ал сүрөттө Азардын толуп кеткен денесин жашыруу үчүн анын башын Бенземанын денесине фотошоп аркылуу өзгөртүп койгон.

Азардын толуп кеткен денесин жашыруу үчүн Бенземаны аркы фонго коюлган. Бирок, дене түзүлүшүн салыштырып көрсөк француздун денеси экени байкалууда.

Эскерте кетсек, Эден Азар "Реал мадрид" клубуна 100 миллион еврого өткөн. Контракт 2024-жылга чейин каралган.

Пикир

Оставить комментарий