• 89.12
  • 94.98
  • 0.95

Реанимацияда жаткан 4 бейтаптын абалы туруктуу – Үсөнбаев

COVID - 19 0

Бишкек, 13.05.20. /Кабар/. Реанимацияда жаткан 4 бейтаптын абалы туруктуу. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

"Жандандыруу бөлүмүнө бейтаптар оорунун белгилери курч мүнөздө болгон учурда жаткырылат. Бүгүнкү күнү абалдары туруктуу. Ал жерде тиешелүү шарттар түзүлгөн, жасалма дем алдыруучу аппараттар, кычкылтек концентраторлору турат", - деди ал.

Учурда Кыргызстанда коронавирус жуктурган 306 бейтап ооруканада дарыланууда. Алардын ичинен 6 адамдын абалы оор – төртөө реанимацияда жатат. 70 бейтаптын абалы орточо оор, 230 бейтаптын абалы канааттандырарлык.

Кыргызстанда 13-майга карата коронавирус жуктурган 7 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 1044тү түзөт. Алардын ичинен 726 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Коронавирус жуктурган 12 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий