• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Референдум 11-апрелге дайындалды. Жапаров мыйзамга кол койду

Президент 0

Бишкек, 12.03.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө» мыйзам долбоору боюнча референдумду (бүткүл элдик добуш берүүнү) дайындоо тууралуу мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Мыйзам 2021-жылдын 11-мартында​​​​​ Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.

Мыйзамга ылайык, Референдум Кыргыз Республикасынын бардык аймагында жекшемби күнгө, 2021-жылдын 11-апрелине дайындалды.

Кыргыз Республикасынын жарандары кабыл алышы үчүн «Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын долбоору референдумга чыгарылат.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Пикир

Оставить комментарий