• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Референдум. БШК «макул» жана «каршы» 14 үгүт тобун каттады

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 30.12.20. /Кабар/. Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын дарегине Кыргыз Республикасынын башкаруу формасын аныктоо боюнча референдумга (бүткүл элдик добуш берүүгө) «макул», «каршы» үгүт топторду каттоо үчүн 14 сунуштама түшкөн.

Ведомствонун басма сөз кызматынан кабарлашкандай, БШК 14 үгүт тобун каттады.

- президенттик республикасы үчүн «макул» - 8 үгүт тобу;

- президенттик республикасына «каршы» - 1 үгүт тобу;

- парламенттик республикасы үчүн «макул» - 3 үгүт тобу;

- бардык варианттарга каршы – 2 үгүт тобу.

Пикир

Оставить комментарий