• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Референдум, президенттик республика жана күчтүү мамлекет үчүн «макул»

Шайлоо 2023 0


Бишкек, 04.01.21. /Кабар/. 2021-жылдын 10-январында президентти мөөнөтүнөн мурда шайлоо жана башкаруу формасын аныктоо боюнча референдум (бүткүл элдик добуш берүүгө) өтөт.

Референдумда өлкөнүн башкаруу формасын тандоо боюнча маселе көтөрүлөт:

- президенттик башкаруу;
- парламенттик башкаруу;
- бардык варианттарга каршы.

Саясат таануучу Алмаз Ибраев билдиргендей, өткөөл учурларда татыктуу лидер керек. Парламент мындай учурларда тез чечим кабыл ала албайт.

Анын айтымында, Кыргызстанга экономикалык жана социалдык абал татаалдашып турган кезде бир лидер керек.

«Бардык саясий күчтөр президенттин тегерегинде топтолуп, ынтымакка келиши керек. Эл кимди шайлап ала турган болсо, мамлекеттин жана аткаруу бийликтин да башчысы болушу керек. Өткөөл учурларда татыктуу лидер керек. Парламент мындай учурларда тез чечим кабыл ала албайт. Ошондуктан президент маанилүү. Ал биринчиден биримдиктин символу, экинчиден кыйын абалдан чыгып кетүүгө өбөлгө болот. Бизге күчтүү президент, күчтүү мамлекет керек», - дейт ал.

Материал КРнын "Референдум жөнүндө" Мыйзамына ылайык акысыз жарыяланды

Пикир

Оставить комментарий