• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Референдум. Шайлоочулардын 79% ашыгы президенттик башкаруу формасын колдошту

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 12.04.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Кыргызстанда Конституция боюнча референдумга добуш берүү үчүн тизмеге 3 млн 606 миң 201 жаран киргизилген. Бул тууралуу Бишкектеги маалымат жыйында БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди.

Анын айтымында, алдын ала маалымат боюнча, референдумга жалпы 1 млн 336 миң 743 жаран катышты. Ал шайлоочулардын 37,08 пайызын түзөт.

undefined

“Акыркы маалыматтарга караганда, референдумга 1 млн 59 миң 476 жаран “макул” добушун берди. Ал шайлоочулардын 79,24%ын түзөт. Ал эми 182 миң 553 шайлоочу “каршы” добушун берди”, - дейт ал.

Шайлдабекова референдумдун акыркы жыйынтыгы шайлоо күнүнөн 35 күн өткөн аралыкта айтыларын белгиледи.

Конституция боюнча референдумга добуш бергендерди аймактар боюнча алганда:

- Бишкекте “макул” - 60,66%, “каршы” - 36,10%;
- Ош шаарында “макул” - 79,87%, “каршы” - 12,27%;
- Жалал-Абад облусунда “макул” - 84,7%, “каршы” - 7,94%;
- Ысык-Көл облусунда “макул” - 85,25%, “каршы” - 9,9%;
- Нарын облусунда “макул” - 82,84%, “каршы” - 11,25%;
- Ош облусунда “макул” - 84,33%, “каршы” - 7,76%;
- Талас облусунда “макул” - 74,99%, “каршы” - 16,6%;
- Чүй облусунда “макул” - 70,84%, “каршы” - 21,36%;
- Баткен облусунда “макул” - 84,27%, “каршы” - 8,68,% жаран добуш берген.

Пикир

Оставить комментарий