• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Регенерациялануучу кагаз жана картонду өлкөдөн ташып чыгууга убактылуу тыюу салынды

Өкмөт 0

Бишкек, 23.08.21. /Кабар/. Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагынан тышкары Кыргыз Республикасынан регенерациялануучу кагаз жана картонду (макулатура жана таштанды) (ЕАЭБ ТЭИ ТН 4707 коду) ташып чыгууга (эл аралык транзиттик жүк ташуудан тышкары) алты айлык мөөнөткө убактылуу тыюу салынды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.

Тиешелүү чечимге КР министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов кол койду.

Убактылуу тыюу салуу ички рынокто чийки заттын тартыштыгын алдын алуу, өндүрүштү стимулдаштыруу жана даяр продукциянын экспортун көбөйтүү максатында киргизилди.

КРнын Экономика жана финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы жана КРнын улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы аталган товарларды мыйзамсыз ташып чыгууну токтотууга багытталган зарыл чараларды көрүүлөрү зарыл.

Пикир

Оставить комментарий