• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Региондор өнүгүүдө: Андижанда 50 айыл тургуну кир жуугуч машинаны чогултуу менен алек болушат

Аймак 0

Бишкек, 26.09.18. /Кабар/. Ош облусунун Кара-Суу районундагы Андижан айылында күн мурун салтанаттуу түрдө жарым автомат кир жуугуч машиналарды чогултуу боюнча ишкана ачылды. Бул тууралуу Инвестицияларды илгерлетүү жана коргоо агенттигинин басма сөз кызматы билдирет.

Ишкана биргелешкен кыргыз-өзбек долбоору болуп саналып, 1 млн доллар суммасындагы инвестиция тартылган. Бул заводдун ишке берилиши менен региондун жашоочулары үчүн 50 жаңы жумуш орундары түзүлүп, Artel бренди менен чыга турчу кир жуугуч машиналарды чогултушат.

Ачылыш аземге КРнын вице-премьер-министри Замирбек Аскаров, Өзбекстандын КРдагы элчиси Комил Рашидов, Жогорку Кеңештин депутаттары, өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Узар Жылкыбаев жана Инвестицияларды илгерлетүү жана коргоо агенттигинин директору Шумкарбек Адилбек уулу катышты.

Пикир

Оставить комментарий