• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Региондордо Биринчи Элдик курултайга делегаттарды шайлоо боюнча жергиликтүү курултайлар өттү

Коом 0

Бишкек, 05.11.22. /Кабар/. Кыргызстанда бүгүн, 5-ноябрда, Биринчи Элдик курултайга катышуу үчүн жергиликтүү жамааттардын курултайлары өттү.

Жергиликтүү курултайлар өлкөнүн бардык облустарында, Бишкек, Ош шаарларында, ошондой эле чет өлкөдөгү эмгек мигранттарынын арасында өттү.

Жергиликтүү жамааттардын курултайларынын делегаттары Бишкек шаарында 25-ноябрга белгиленген Биринчи Элдик курултайга делегаттарды добуш берүү менен шайлашты.

Ошондой эле, Биринчи Элдик курултайда талкуулоого өлкөнү жана анын аймактарын өнүктүрүү боюнча негизги маселелер да бекитилди.

КР президенти Садыр Жапаровдун Жарлыгына ылайык, Биринчи Элдик курултайдын ишине 1074 делегат катышат:

- административдик-аймактык бирдиктерден - 1036 делегат;

- чет өлкөдөгү эмгек мигранттарынан – 28 делегат;

- диний конфессиялардан - 10 делегат.

Административдик-аймактык бирдиктерден делегаттар шайланат:

- 452 айылдык аймактын ар биринен экиден (904 делегат);

- облустук маанидеги 12 шаардын ар биринен экиден жана райондук маанидеги 18 шаардын ар биринен бирден (42 делегат);

- Бишкек шаарынан - 60, Ош шаарынан - 30 (90 делегат).

Пикир

Оставить комментарий