• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Региондорду башкарууда жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын ролу күчөтүлмөкчү

Жогорку Кеңеш 0

бишкек, 24.09.18. /Кабар/. Бүгүн, 24-сентябрда Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору 1-окууда каралды.

Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин төрагасы Айтмамат Назаров мыйзам долбоору менен өлкө аймактарын мамлекеттик башкарууда жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын ролун күчөтүү жана “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамдын жергиликтүү мамлекеттик администрация башчыларын-акимдерди дайындоо бөлүгүн КР Конституциясына ылайык келтирүү максаты коюлгандыгына токтолду. Анын белгилөөсүндө, мыйзам долбоору менен акимдердин ыйгарым укуктары кеңейип, милдеттери көбөйүүдө. Ошону менен катар, акимдерди шайлоо жана жергиликтүү кеңеш депутаттарын шайлоо маселелеринде бир катар түзөтүүлөр киргизилип жатат.

Талкууда жергиликтүү кеңештердеги кошмо-жыйындардын зарылдыгы, адистерди тандоодогу сынак маселесинин күнгөй-тескейи, айылдык кеңештин депутаттары милдеттүү түрдө жогорку билимге ээ болуусу керекпи же жокпу деген сыяктуу бир катар маанилүү жагдайлар талкууланды.

Жыйынтыгында айтылган сунуш-пикирлерди экинчи окууда эске алуу менен мыйзам долбоорунун концепциясын жактыруу чечими кабыл алынды.

Белгилей кетсек, аталган мыйзам долбоору “Региондорду өнүктүрүү жылы” Жарлыгынын алкагында КР Президенти С.Жээнбековдун 2018-жылдын 18-январындагы №3 Аймактарды башкарууда жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына тиешелүү өзгөртүүлөрдү иштеп чыгууда жергиликтүү бийлик органдарынын ролун жана жоопкерчилигин күчөтүү боюнча чаралар жөнүндө” буйругу менен түзүлгөн жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруулар жөнүндөгү мыйзамдарды өркүндөтүү боюнча жумушчу топ тарабынан иштелип чыккан.

Мыйзам долбоору менен төмөнкү мыйзамдарга түзөтүүлөр киргизилүүдө:

  • Кыргыз Республикасынын Жер кодекси;
  • “Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жөнүндө”;
  • “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципиалдык кызмат жөнүндө”
  • “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”;
  • “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын макамы жөнүндө”;
  • Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө.

Пикир

Оставить комментарий