• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Региондорду өнүктүрүү иштери быйыл да уланат – Жээнбеков

Коом 0

Бишкек, 20.02.19 /Кабар/. Региондорду өнүктүрүү иштери быйыл да уланат, токтобойт. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков Кадамжай районунун жашоочулары менен болгон жолугушуусунда билдирди.

"Ал тургай кийинки жылдары да элет жерин өнүктүрүү – мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыты бойдон кала берет", - деп баса белгиледи мамлекет башчысы.

Ал белгилегендей, региондорду өнүктүрүү анын президенттик ишмердигиндеги артыкчылыктуу маселе болуп саналат, аймактарды өнүктүрүү боюнча конкреттүү иштер уланат жана ушул максатта быйылкы жыл дагы “Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы” деп жарыяланган.

Пикир

Оставить комментарий