• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Региондорду өнүктүрүү саясаты токтоосуз ишке ашуусу керек – Акималиев

Коом 0

Бишкек, 24.05.18. /Кабар/. Президент Сооронбай Жээнбеков тарабынан жүргүзүлүп жаткан региондорду өнүктүрүү саясаты алдыга коюлган тапшырмалар толугу менен аткарылып бүтмөйүнчө жүргүзүлүүсү керек. Мындай оюн “Кабар” агенттигине С.Жээнбековдун президенттик кызматка келгенине туура алты ай болгондугуна байланыштуу академик Жамин Акималиев билдирди.

Анын айтымында, бүгүн Сооронбай Жээнбековдун мамлекет башчы болгондугуна туура алты ай болду, бул кыска убакыттын ичинде ал өлкөнү өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарын көрсөтө алды. Алардын арасында региондорду өнүктүрүү, коррупцияга каршы күрөш, сот системасын реформалоо ж.б.

“Президент С.Жээнбековдун региондорду өнүктүрүү боюнча чечими абдан туура. Көз карандысыздык алган жылдардан бери региондорду өнүктүрүү боюнча эч ким кол кууш кылган эмес. Чындыгында эле көйгөйлөр көп жана региондор көптөн бери бийлик тарабынан көңүл бурууга муктаж.

С.Жээнбековдун региондорду өнүктүрүү боюнча кыраакы позициясы жакшы өзгөрүүлөргө үмүт берет. Жада калса ушул кыска жарым жылдын ичинде региондорго көп эле каржы бөлүндү. Негизги көйгөйлөр жана аларды чечүүнүн жолдору айтылды”,-деп билдирди Ж.Акималиев.

Андан тышкары академик билдиргендей, региондорду өнүктүрүү жылы бүтүндөй өлкөнүн экономикасынын өнүгүшү үчүн кошумча импульс болот. “Биз кандай айткан күндө да Кыргызстан агрардык өлкө боюнча калат. Өлкө калкынын көпчүлүгү региондордо жашагандыктан, кризисти сезүү мүмкүн эмес, мына ушул жерден көйгөй келип чыгууда. Мисалга, көңүл бурсаңар Кыргызстанда картошка эки эсе көп өстүрүлөт, башкача айтканда, биз өзүбүз колдонгондон эки эсеге көп. Бирок аны менен бирге экспорттун көрсөткүчтөрү көңүл кубантаарлык эмес. Бүгүнкү күндө Кыргызстан жалпы чогултулган картошканын 2 пайызын гана кайра иштетип чыгат. Эт азыктарын алып көрөлү, ал жактагы жагдай да окшош эле. Биздин эттер экспортко иштетилбей эле, чийки түрүндө кетет. Ошентип, дыйкандар баа жагынан утулуп калууда. Мындай мисалдар абдан көп, бир гана картошка же эт жаатында эмес. Эмне үчүн мындай болууда? Себеби, айыл-чарбаны өнүктүрүү боюнча дыкаат иштелип чыккан саясат жок. Бул жаатта ишти өкмөт жана айыл-чарба министрлиги көрсөтүшү керек. Президенттин буйругу бүтүндөй өлкөнүн агрардык саясатын кайрадан карап чыгуу үчүн жакшы түрткү берет деген ишеничтемин”,-деп билдирди Ж.Акималиев.

Пикир

Оставить комментарий