• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Региондорду өнүктүрүү: «Айыл Банк» долбоорлорду каржылоонун көлөмүн 9дан 12 млрд. сомго чейин көбөйттү

Экономика 0

Бишкек, 21.11.18. /Кабар/. Региондорду өнүктүрүү жылында «Айыл Банк» региондордогу долбоорлорду каржылоонун көлөмүн 9дан 12 миллиард сомго чейин көбөйттү. Бул тууралуу «Айыл Банк» ачык акционердик коомунун төрагасы Мурат Акимов билдирди.

«"Айыл Банктын" миссиясы — региондорду өнүктүрүү, агрардык сектордун өнүгүшүнө көмөктөшүү жана жеткиликтүү, сапаттуу кызмат көрсөтүү аркылуу калктын бакубатчылыгын арттыруу. Президент Сооронбай Жээнбеков региондорду өнүктүрүү жылы деп жарыялаган быйылкы жылы бул өзгөчө мааниге ээ болгону бизди кубандырат», — деп белгиледи Мурат Акимов.

Анын айтымында, чет өлкөлүк насыя компаниялардын каражаттарын тартуу менен «Айыл Банк» 2018-жылдын март айынан тартып айыл чарбасы боюнча насыялардын пайызын 20 пайыздан 18 пайызга чейин азайтты. Ал эми декапитализациялоонун жана активдерди мындан ары өстүрүүнүн эсебинен 2019-жылы 18 пайыздан 16 пайызга чейин азайтуу үчүн мүмкүнчүлүк түзүлөт.

«Быйыл кышында жазында бардык облустарда семинарлар өткөрүлүп, биз ишкерлерди насыяларды кантип алууга жана көп киреше алуу үчүн каражаттарды кайсы багыттарга жумшоону үйрөттүк», — деп белгиледи «Айыл Банктын» төрагасы.

2018-жылдын күзүндө «Айыл Банк» Таласта айыл чарба техникаларынын көргөзмөсүн уюштурду. Анда фермерлер айыл чарба техникаларынын жаңы түрлөрү менен таанышышты. бул «Талас-Агро» көргөзмөсүндө John Deere, YTO, Foton Lovol, New Holland, Беларус, Уралец фирмаларынын тракторлору жана башка заманбап техникалар коюлду.

«Быйыл фермерлерди асыл тукум мал менен камсыз кылуу боюнча кластерди түзүү боюнча иш-чаралар өткөрүлдү. Бул иш аягына чыгайын деп калды. Жакынкы мезгилде биз компаниялардын бирин каржылайбыз», — деди ал.

«Өзгөчө белгилеп кетчү нерсе, банк региондорду каржылоого негизги көңүл бурулууда. Мындан бир эле жыл мурда региондор боюнча (Бишкек шаары жана Чүй облусуна башкасы) портфелибиз 9 миллиард сом болсо, азыр бул сумма 12 миллиард сомдон ашты. Башкача айтканда, 3,5 миллиард сомго көп. Биз региондорго көбүрөөк насыя алууга мүмкүнчүлүк түздүк. Былтыркы жылга салыштырмалуу быйыл биз кошумча 7 миң үй чарбаларын каржыладык» — деп аяктады ал.

Пикир

Оставить комментарий