• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Рейд: Ошто башаламан соода түйүндөрү сүрдүрүлдү

Аймак 0

Ош, 16.11.17. /Ерлан Тургунбаев – Кабар/. Ош шаарында 15-ноябрда башаламан соода сатыкты жана унаа тыгындарын жоюу боюнча рейд өткөрүлдү.

Рейд Ош шаарынынын Ленин көчөсүнүн Тешик-Таш базарынын айланасында, Масалиев жана А.Навои көчөлөрүнүн кесилишинде жүргүзүлдү.

Рейддин жүрүшүндө белгиленбеген жерлерде жайма такталарда, унааларда соода сатык жүргүзүп жаткан 500дөн ашуун сатуучуларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, борбордук базарга жайгаштырылды.

Ошондой эле, мыйзамсыз орнотулган бир нече соода түйүндөр сүрдүрүлүп, санитардык тазалоо иштери жүрдү.

Пикир

Оставить комментарий