• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Бишкектин Свердлов районунда кароосуз калган 6 бала аныкталды

Коом 0

Бишкек, 18.05.22. /Кабар/. Свердлов районунда кайыр сураган жана турмуштук оор кырдаалга кабылган балдарды аныктоо боюнча рейддин алкагында кароосуз калган 6 бала аныкталды. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, рейддин алкагында 150 объект, анын ичинде «Дордой», «Аламүдүн», «Мадина», «Чынар» базарлары, «Глобус», «Народный», «Фрунзе» супермаркеттери", "Чынар", "Айчүрөк" соода борборлору, Борбордук мечит, райондогу мечиттер, түнкү интернет клубдар, кафелер текшерилди.

"Натыйжада кайыр сураган 2 аял жана 2 бала, ошондой эле түн ичинде чоң кишилердин коштоосуз жүргөн, кароосуз калган 6 бала аныкталды", - деп айтылат билдирүүдө.

Белгиленгендей, бардык адамдар менен профилактикалык сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, акт түзүлүп, кароосуз калган жашы жете элек балдар да мыйзамдуу өкүлдөрүнө жана ата-энелерине өткөрүп берилди.

Пикир

Оставить комментарий