• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Рейтингдик мелдеш: Акжол Махмудов менен Жоламан Шаршенбеков финалга чыкты

Спорт 0

Бишкек, 04.03.23. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Акжол Махмудов менен Жоламан Шаршенбеков Болгариядагы Dan Kolov-Nikola Petrov рейтингдик эл аралык мелдешинин финалына чыкты.

Махмудов грек-рим күрөшү боюнча 77 кг салмакта мелдештин 1/16 финалынан баштап катышууда. Ал чет өлкөлүк үч балбанды жеңип жарым финалга чыкты. Жарым финалда кыргыз балбаны норвегиялык спортчу менен килемге чыкты. Бирок кармаш башталганда норвегиялык балбан ыкма жасайм деп эс учун жоготуп койду. Кармашты уланта албагандыктан жеңиш Махмудовго берилди.

Ал эми Жоламан Шаршенбеков 60 кг салмакта мелдештин 1/8 финалынан баштап күчүн сыноодо. Ал эки балбанды караандатпай жеңип, жарым финалда ирандын балбанды 10:2 эсебинде утуп алды.

Спорттук иш-чара 2-5-март күндөрү София шаарында өтүүдө.

Мелдешке Кыргызстандын атынан төрт балбан аттанган:

1. Жоламан Шаршенбеков (60 кг);
2. Амантур Исмаилов (67 кг);
3. Акжол Махмудов (77 кг);
4. Үзүр Жусупбеков (97 кг).

Пикир

Оставить комментарий