• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Рейтингдик мелдеш: Жоламан Шаршенбеков алтын медаль жеңди

Спорт 0

Бишкек, 05.03.23. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Жоламан Шаршенбеков Болгариядагы Dan Kolov-Nikola Petrov рейтингдик эл аралык мелдеште алтын медаль утту.

Жоламан Шаршенбеков 60 кг салмакта мелдештин 1/8 финалынан баштап күчүн сынады. Ал үч балбанды караандатпай утуп, финалда польшалык балбандын далысын жерге басып, таза жеңишти камсыздады.

Спорттук иш-чара 2-5-март күндөрү София шаарында өтүүдө.

Мелдешке Кыргызстандын атынан төрт балбан аттанган:

1. Жоламан Шаршенбеков (60 кг);
2. Амантур Исмаилов (67 кг);
3. Акжол Махмудов (77 кг);
4. Үзүр Жусупбеков (97 кг).

Пикир

Оставить комментарий