• 79.5
  • 84.92
  • 1.34

Рекорд. Месси жетинчи ирет “Алтын топтун” ээси болду

Спорт 0


Бишкек, 30.11.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. “ПСЖ” клубунун жана Аргентинанын курама командасынын чабуулчусу Лионель Месси жетинчи ирет “Алтын топ” сыйлыгына татыды.

Экинчи орунга “Бавариянын” жана Польшанын улуттук курамасынын оюнчусу Роберт Левандовски, үчүнчү орунга “Челсинин” футболчусу Жоржиньо илинди.

Буга чейинки 2019-жылдагы “Алтын топту” дагы Месси алган. Ал эми 2020-жылы пандемиядан улам аталган сыйлык ээсин тапкан эмес.

Месси футболчулар үчүн өзгөчө болгон сыйлыкты 2009, 2010, 2011, 2012, 2015, 2019-жылдары алган.

Эскерте кетсек, “Алтын топ” сыйлыгы France Football журналы тарабынан 1956-жылдан тарта Европадагы мыкты футболчуларга ыйгарылып келет.

Пикир

Оставить комментарий