• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Рекорддук көрсөткүч. Кыргызстан тарыхта биринчи жолу мамлекеттик карызды төлөөгө 33,6 млрд сом бөлдү

Экономика 0

Бишкек, 12.01.23. /Кабар/. 2022-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын мамлекеттик карызын төлөөгө (тышкы жана ички) рекорддук 33 млрд 606 млн сом бөлүндү. Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирет.

Ведомствонун маалыматына караганда, төлөмдөрдүн эң көп көлөмү тышкы карызга туура келген – 22 млрд 113 млн сом. Бул Кыргызстандын тарыхындагы рекорддук көрсөткүч болуп эсептелет.

Ички карыз боюнча төлөмдөр 11 млрд 493 млн сомду түздү.

Министрликтин басма сөз кызматынан кошумчалашкандай, мамлекеттик карызды тейлөө республикалык бюджеттин эсебинен жүргүзүлдү.

Пикир

Оставить комментарий