• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ректорду шайлоодо көп добуш алган талапкерди шайлоого багытталган мыйзам долбоору каралууда

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 31.05.18. /Кабар/. Бүгүн, 31-майда Жогорку Кеңештин жыйынында «Билим берүү жөнүндө» КР мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору 1-окууда каралды.

Мыйзам долбоору боюнча демилгечилердин бири депутат Жыргалбек Турускулов баяндама жасады.

ЖОЖдордун жетекчилерин шайлоо жана дайындоо маселелеринде демократия принцибин бузууну четтетүү мыйзам долбоорунун негизги милдети болуп саналат.

Бүгүнкү күндө «Билим берүү жөнүндө» мыйзамдын 38-беренесине ылайык, ректорду шайлоодо КР Премьер-министри шайлоодо көбүрөөк добуш топтогон үч талапкердин бирин дайындайт. Муну менен ЖОЖдун жетекчисинин кызмат ордуна азыраак добуш алган талапкер бекитилип калышы мүмкүндүгү келип чыгат жана көпчүлүк жамаатын пикирин эске албастан, жетекчини дайындоого алып келет. Бул өңдүү жагымсыз көрүнүштөргө академиялык коомчулуктун терс реакциясы жараткан мисалдар бар.

Жогорудагыларды эске алуу менен, долбоор тарабынан ЖОЖдун жетекчисин шайлоого катышкандардын санынан добушту элүү пайыздан жогору алган талапкерди шайланды жана бекитилүүгө тийиш деп эсептөө сунушталууда.

Мындан сырткары, долбоор аркылуу К.Дикамбаев атындагы Дипломатиялык академиянын жетекчисин башка адистештирилген жогорку окуу жайлар менен бирдей дайындоо сунушталат. Бул КР Тышкы иштер министрлиги тарабынан жогорку квалификациялуу адистерди даярдоо жаатындагы өз ара аракеттешүүнү күчөтүүгө мүмкүнчүлүк түзөт.

Талкууда көпчүлүк депутаттар шайлоодо көп добуш алган талапкердин ректор болушу керектигин колдоого алышты. Мындан сырткары, көп доубш алган ректор шайланган учурларда ЖОЖ жамаатын экиге бөлүнүп, өтпөй калган талапкердин тарапташтарын куугунтукталган жагдайлар, айтылып, Премьер-министрдин дайындоосуна калтыруу мүмкүнчүлүгүн дагы эске алуу зарылдыгы белгиленди. Ошону менен катар бул маселени тармактык министрлик чечиши керек деген да ойлор айтылды.

Жыйынтыгында мыйзам долбоору 1-окууда добуш берүүгө жолдонду.

Мыйзам долбоорунун демилгечилери – Жогорку Кеңештин депутаттары: Турускулов Ж.К., Баатырбеков А.Б., Кодуранова А.С., Жамангулов А.Ж., Исмаилова А.Ж., Нурбаев А.М., Касымалиева А.К., Каримов Н.Т., Тиллаев Т.Г., Бакиров М.И., Сулайманов А.Т., Шыкмаматов А.Н., Керезбеков К.К., Омуркулов И.Ш., Акаев Ж.К., Аманкулов М.А., Сарсейитов И.З., Примов У.Б., Самигуллина А.Э., Строкова Е.Г., Токторов А.С., Никитенко Н.В., Момбеков Р.Ч.

Пикир

Оставить комментарий