• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Ренат Иляз уулу күрөш боюнча дүйнө биринчилигиндеги (U-23) алгачкы кармашында жеңишке жетти

Спорт 0

Бишкек, 01.11.19. /Кабар/. Кыргызстандык балбан Ренат Иляз уулу күрөш боюнча дүйнө биринчилигиндеги (U-23) алгачкы кармашында жеңишке жетти. Аталган дүйнө биринчилиги Венгриянын Будапешт шаарында өтүүдө.

Грек-рим күрөшүнүн балбаны Ренат Иляз уулу (77 кг) алгачкы кармашында армениялык балбан менен күч сынашкан. Кармаш 8:8 болуп аяктап, артыкчылык кыргызстандык балбанда болгондуктан жеңиш Ренат Иляз уулуна ыйгарылган.

Алдыда кыргызстандык спортчу Казакстандык Тамерлан Шадукаев менен күрөшөт.

Пикир

Оставить комментарий