• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ренат Түлөбердиев «Улуттук башкаруучу компаниянын» төрагасы болуп дайындалды

Өкмөт 0

Бишкек, 21.08.19. /Кабар/. Түлөбердиев Ренат Темирбекович «Улуттук башкаруучу компания» ачык акционердик коомунун башкармалыгынын төрагасы кызматына дайындалды. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Тийиштүү чечимди өкмөткө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду – «Улуттук башкаруучу компания» ААКнын жалгыз негиздөөчүсү тарабынан кабыл алынган.

Эскерте кетсек, бүгүн Ренат Түлөбердиев Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрага кызматынан бошотулган.

Пикир

Оставить комментарий