• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

COVID-19. Рентген жана компьютердик томографияга дарыгердин көрсөтмөсү менен гана түшүү керек - пульмонолог

COVID - 19 0

Бишкек, 03.10.20. /Кабар/. Коронавирус менен ооругандардын болжол менен 80%ы рентген жана компьютердик томографияга түшпөшү керек. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйында профессор, Саламаттык сактоо министрлигинин штаттан тышкаркы башкы пульмонологу Талант Сооронбаев билдирди.

Анын айтымында, оору жуктургандардын баары эле рентген же компьютердик томографияга түшүүгө бара берсе, ал жакта кезек жаралып, биринчиден башкаларга оору жугат, экинчиден алар ашыкча чыгым болушат.

“Маселен, дене табы көтөрүлгөн бир адам рентгенге түшкөнү бара жатып коомдук унаада, кезекте туруп башкаларга оору жуктурат. Ооруган адамдар өзүнчө обочолонушу керек. Рентген жана компьютердик томографияга дарыгердин айтымы боюнча гана жана оорунун 6-7-күнүндө түшүү керек. Алгачкы 5 күндө аларга түшүүдөн эч кандай пайда жок. Себеби ал убакта эч кандай өзгөрүүлөр көрүнбөйт. Өз алдынча барып рентген жана компьютердик томографияга түшүүнүн кереги жок. Алгач дарыгер менен кеңешүү зарыл. Ошондой эле жеңил түрдө ооруган бейтаптар да рентгенге түшпөй, ал эле эмес лабораторияга күч келип жаткандыктан ПЧР-тест тапшырбай койсо да болот. Болгону дарыгердин көзөмөлүндө болушу керек”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий