• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Өлкө аймагында дезинфекциялоо иштери улантылууда - ӨКМ

Коом 0

Бишкек, 25.08.20. /Кабар/. Өлкө аймагында дезинфекциялоо иштери улантылууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кечээ, 24-август күнү өлкө боюнча 21 950м² имараттардын ичи-сырты, 131 830 погондук метр автоунаа жолдор дезинфекцияланып, иш-чарага 88 куткаруучу тартылган.

- Чүй облусунунда 3 000 погондук метр унаа жол дезинфекцияланып, 20 литр хлор колдонулду;

- Талас облусунда 32 000 погондук метр унаа жолдор дезинфекцияланды;

- Жалал-Абад облусунда 4 400 м² имараттын ичи-сырты жана 3 700 погондук метр унаа жолдор дезинфекцияланып, 40 кг суюк хлор колдонулду;

- Ош облусунда 10 400м² имараттын ичи-сырты жана 47 000 погондук метр автоунаа жолдор дезинфекцияланып, 373 кг хлор колдонулду;

- Баткен облусунда 21 130 погондук метр унаа жолдор дезинфекцияланды;

- Ош шаарында 7150 м² имараттын ичи-сырты жана 25 000 погондук метр унаа жолдор дезинфекцияланды.

Белгилей кетсек, дезинфекциялоо иштери жөө жүрүү жана өрт өчүрүүчү унаа менен аткарылып, жарандар көп бара турган объектилерге, маселен дүкөндөр, банктар, базарлар, дарыканаларда жана унаа жолдордо жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий